Украинанын коопсуздук кызматы экс-премьер-министр Юлия Тимошенконун өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын Мамлекеттик коргоо кызматына алдын ала эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда Украинанын басылмалары жарыялашты.
Маалыматта “бүгүн Украинанын коопсуздук кызматы Мамлекеттик коргоо кызматына Юлия Тимошенкону президенттикке талапкер катары өмүрүнө коркунуч жаралып жаткандыктан, анын коопсуздугун алдын ала сактоону эскертти” деп айтылат.