Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков 5-майда Бишкектеги Келечек жаңы конушунун тургундары менен жолугуп, турак жай көйгөйү боюнча сүйлөштү.
Депутаттын айтымында, өкмөт калкты турак жай менен камсыз кылуу боюнча атайын мамлекеттик программа иштеп чыгышы керек. Арзан, карапайым калктын шартына ылайык турак жай куруу аракеттерин баштабаса болбой турганын айтат депутат.
Самаков "узак мөөнөттүк ипотека менен турак үйлөрдү курууга өкмөттүн кепилдиги менен каражат тапса болот" деп билдирди. Анын пикиринде, жол курууга, ГЭСтерди салууга жана башка объекттерди курууга каражат тапкандай эле инвестиция алып кирүүнүн жолдору бар. “Болгону өкмөт турак үйгө муктаж болуп жаткан жарандарыбызга карай жүзүн буруусу керек”,- дейт Самаков.