"Май куюучу бекетти тоногон" деген шек менен беш жаран кармалды

Ысык-Ата районунда "май куюучу бекетти тоногон" деген шек менен Люксембург айылынын беш тургуну кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, 5-майда Ысык-Ата районунун Будёновка айылындагы май куюучу бекетке белгисиз адамдар кирип келишип, бекеттин 2 кызматкерин ур-токмокко алып, 126 миң сомду уурдап кетишкен.

Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Ш. уулу Адил, 18 жаштагы Н.Айдар, 19 жаштагы Т.Медер, 26 жаштагы Б.Канат, 19 жаштагы Э.Жаныбек аттуу Люксембург айылынын тургундары кармалып, иликтөө иштери уланууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан