Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү митинг-реквиеминде 3 мектеп окуучусу эсин жоготту

Бишкекте бүгүн, 6-майда “Боордоштор көрүстөнүндө” Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквиемге катышкан №15-орто мектептин 3 окуучусу эсин жоготуп кулап калды.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүүгө келген ардагерлерди жана катышуучуларды мектеп окуучулары тосуп алып жатышкан. Митинг-реквием саат 10:00дө башталмак. Окуучулар жарым саат эрте келишкени маалым болду.

“Айта кетчү нерсе, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү иш-чараларына катышкан окуучулар эсин көп жоготушат. Себеби мындай жолугушууларда каза тапкандар жөнүндө, согуш тууралуу көп айтылат. Ал эми азыркы жаштар өтө сезимтал келишет. Кыздардын да, балдардын да эсин жоготуп кулап калган учурлары болгон. Ал эми “Боордоштор көрүстөнүндө” өткөн иш-чараларда мектеп окуучулары эсин жоготкон мындай көрүнүш да биринчи жолу эмес. Анткени бул жердин энергетикасы өзгөчө келет. Былтыр да эки-үч окуучу эсин жоготкон болчу”,- деди Биринчи Май районунун акими Аскар Алиев.

Ал эми мектептин окутуучуларынын айтымына караганда, эртең менен окуучуларга чай жана таттуу токоч берилген. Бул иш-чарага катышкан окуучулардын баары буга чейин медициналык кароодон өтүп, дени сак болуп чыккан.  

"Тез жардам" кызматынын өкүлдөрү окуучулар курсагы ачка болуп, күндө турганы үчүн эсин жоготушканын айтышты.  

Эске салсак, бүгүн “Боордоштор көрүстөнүндө” Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналган митинг-реквиемге №15-орто мектептин окуучулары да катышкан. Аталган көрүстөндө согушта каза тапкан 248 жоокердин сөөгү коюлган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
uluk1982
2014-05-06 14:05:04
соз жок!
0
KG-Oligarh
2014-05-06 14:11:55
Мен 11-класста окуп жаткан да бир досум очпос оттун жанында каролдо туруп эсин жоготкон эле.
0
asiret
2014-05-06 14:29:36
кайдагы булочка менен чай. Мунун баары жон гана актануу. Окуучулар ачка болгону анык да. Медициналык козомолдон откон дегенине да ишенбедим.
+6
mirbakg
2014-05-06 14:35:14
Энергетикасы коп эмес эле ачка жаздын кунундо кокойуп тогуздан бери турса анан
+3
lily27
2014-05-06 14:46:52
Ошол мурун да окуучулар эсин жоготкон деген акимдин озунун балдарын алып келип кундун ысыыгына коюп коюш керек болчу.Бети жок десе. Олуп калса эмне болот эле? Кудай сактаптыр. Жакшы болуп кетишсин
+3
lily27
2014-05-06 14:47:40
Супер канчанчы класстын окуучулары экен тактап бериниздерчи?
+1
jazbek
2014-05-06 14:49:27
Мен окуп жургондо да очпос оттун жанында туруп жыгылып кала сактагам))) анткени балдарды тез тез алмаштырып туруш керек,маараке бери жагы дегенде эле 3 саат отот 3 саат такай бир жерде кыймылдабай кундун ысыгына турса любой адам жыгылат.
+1
lusi2013
2014-05-06 15:23:18
Мен мектепте окуп жургондо да классташ кызым эсин жоготкон эле,уулу женишке карата мероприятие болуп жатканда,бирок ал кыздын талмасы кармаптыр дешкен эле
+1
Jumi_88
2014-05-06 17:07:56
менин деле досум маршрутта эсин жоготут алган
0
inoplanetyanin
2014-05-06 17:19:10
омой, жегиле да анан тамак!
+3
baibai71
2014-05-06 19:49:45
Ушуга окшогон салт санааны жоюп койгула да,окуучулар барса эле тирилип кете тургансып.Журогун тушуруп олтуруп алгыла эми окуучулардын.Тамак да ичишкен эмес,мед кароодон да откону калп.Мен билем да студент менен окуучуларды пешка кылышат.
+1
serche
2014-05-06 21:14:14
baibai71, анан өздөрү пешка болушсунбу?! Мындай салт-санаа жоюлбайт. Биздин ушул турмушта жашап жатканыбызга ошол аталарыбыз себепкер. Тирилип кете тургансып деп мамиле кылганыңыз кандай?!
+4
leben
2014-05-06 20:15:40
Чын бу жерге карапайым элдин балдары катышат. Анда жазышпайт беле тиги же бу министирдин небереси да катышты деп. Же жанагы атамбайдын деле мектепте окуган неберелери деле бардыр
-1
Savai80
2014-05-06 21:56:44
Бечара балдар десе
0
Sharipa-asia
2014-05-07 01:16:45
Абайлаш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан