Бүгүн, 6-майда Кытайдын Гуанчжоу темир жол бекетинде белгисиз 2 адам алдынан чыккан 6 адамды бычактап кетти. Жараат алгандардын баары ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30 чамасында катталган. Полиция кызматкерлери алгач кол салгандарга эскертүү беришкен. Бирок алар баш ийбегенден улам ок чыгарып, алардын бирөөсүн кармашкан.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 1-мартында да бычак менен куралданган, бет капчан 8 террорчу Кытайдын темир жол бекетинен 29 адамды бычактап кеткен.