Бүгүн, 6-майда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Жаштар иштери боюнча комитети Жеңиш күнүнө карата шаардын көчөлөрүндө Георгий ленталарын таратат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Иш-чаранын негизги максаты жаштардын атуулдук сезимдерин, мекенчилдигин жогорулатуу болуп саналат.