Сауд Арабиядагы КРнын атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупбек Шарипов 4-майда Кувейт мамлекетинин вице-премьери жана тышкы иштер министри шейх Сабах Халид аль-Хамад аль-Сабах менен жолугушту.
Тараптар кыргыз-кувейт кызматташтыгын бекемдөө алкагында бир катар актуалдуу маселелерди талкууга алышты. Анын ичинде кызматташуудагы укуктук базаны чыңдоо менен эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу жагы каралды.
Кувейттин тышкы саясат боюнча буга чейинки эки өлкө ортосундагы алаканын перспективасына оң баасын берип, мамлекеттер аралык мамиле керектүү багытта өнүгүп жатканын баса белгиледи. Бул тууралуу КРнын ТИМинин басма сөз кызматы билдирди.