Бүгүн, 6-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө чет элдик өнөктөштөр менен мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин ишмердиги тууралуу маалымат берилди.
Президент менен тышкы иштер министри өлкөнүн түрдүү эл аралык уюмдарга катышуусу боюнча учурдагы маселелерди, ошондой эле жогорку деңгээлде чет өлкөлөр менен жакын арадагы байланыштар туурасында маселелерди талкуулады. Мындан сырткары стратегиялык өнөктөштөр менен бирдикте ишке ашырып жаткан инфраструктуралык ири объектилердин курулуштарынын жүрүшү дагы каралды.
Мамлекет башчы Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын чет мамлекеттер менен мамилелерин өз ара пайдалуу негизде чыңдоо, эл аралык уюмдардын алкагында ишмердикти жандандыруу боюнча багытын мындан ары уланта берүү зарыл экендигин белгиледи.
Алмазбек Атамбаев Тышкы иштер министрлиги өз ишмердигинде ар дайым Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө тийиш экендигин баса белгиледи.