Араван районунда сел жүрүп, Культцентр – Кичи-Алай унаа жолун бууп калды

Ош облусунун Араван районунда сел жүрүп, Культцентр – Кичи-Алай унаа жолун бууп калды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 5-май күнү саат 18:00 чамасында Кичи-Алай айылында сел жүргөн. Анын кесепетинен Культцентр – Кичи-Алай унаа жолунун 3-11-чакырымдарына сел калдыктары толуп, унаа жолун бууп калган. Учурда жолду сел калдыктарынан тазалоо боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sharipa-asia
2014-05-07 01:09:54
Вааай менин айылым го, кудай сактасыыыын, элдерге зыяны тийбесе экен.Рахмат уюштуруу иштерине
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан