Социалдык өнүгүү маселелери Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоону өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясында белгиленүүгө тийиш. Мындай пикир бүгүн, 6-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында өткөн Кыргыз Республикасында социалдык коргоо боюнча Координациялык кеңештин жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
“Биз алгач азыркы стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүп, анан алынган сабактардын негизинде 2015-2017-жылдарга карата өлкөнүн керектөөсүнө жооп берген стратегия иштеп чыгышыбыз керек. 2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү жөнүндө улуттук стратегиясында белгиленген негизги багыттар боюнча жумушчу топ үстүбүздөгү жылдын сентябрь айына чейин документти иштеп чыгуусу зарыл. Себеби 2015-2017-жылдарга карай социалдык коргоонун мындан аркы өнүгүүсү боюнча сунуштарга байланыштуу 2015-жылдын республикалык бюджетинин долбоору түзүлүүгө тийиш”,- деди Эльвира Сариева.
Жыйында КР Социалдык өнүгүү министрлигинин 2013-жылга карата калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча отчёту уктурулду.
Аналитикалык отчётто көрсөтүлгөндөй, өткөн жылы кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 10,3 % көбөйгөн, бул балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулду 580 сомдон 640 сомго жогорулатууга мүмкүндүк түзгөн. Ошондой эле жатак-үйлөрдө жашаган улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын тамак-ашына болгон каражат 110 сомго көбөйтүлгөн. Пландаштыргандай эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн 9 реабилитациялык борборлор ачылды. Улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу стандарттары иштелип чыккан.
Жыйындын катышуучулары белгилегендей, 2015-2017-жылдарга карата социалдык коргоону өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти иштеп чыгууда жергиликтүү органдар, коомчулуктун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жигердүү катышууга тийиш. Отурумдун жыйынтыгында, стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, 2012-2014-жылдардагы социалдык коргоону өнүктүрүү боюнча стратегиянын аткарылышын КРнын бардык аймактарында кеңири талкууга коюу жана 2015-2017-жылдарда социалдык коргоо системин жакшыртуу боюнча сунуштарды жыйноо чечими кабыл алынды.
Ошондой эле жыйында 2015-2017-жылдарда социалдык коргоо системин мындан ары жакшыртуу багыттары боюнча иш мерчеми бекитилди.