Франция президенти: "Президенттик шайлоо үзгүлтүккө учураса, Украинада жарандык согуш башталат"

Украинадагы президенттик шайлоо белгиленген мөөнөтүндө өткөрүлбөсө, жарандык согуш жана баш аламандык башталат. Бул тууралуу Франциянын президенти Франсуа Олланд бүгүн, 6-майда маалымат булактарына билдирди.

Маалыматта Олланд: “25-майга белгиленген шайлоо - жалгыз тапшырма. Эгерде алар шайлоону үзгүлтүккө учуратса, бул дароо жарандык согушка жана түз эле баш аламандыкка алып барат”,- дейт.  

Анын айтымында, шайлоодон утуп чыккан президент баарынын көз алдында мыйзамдуу өлкө башчылык кызматка киришүүсү шарт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан