Ушул жылдын 24-апрелинде "Ала-Тоо" аянтынан уурдалган унаа Мурас-Ордо жаңы конушунан табылды. Бул тууралуу уурдалып кеткен Фольксваген-Гольф-2 унаасынын ээси Айбек бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына билдирди.
Айдоочунун айтымында, 24-апрель күнү "Ала-Тоо" кинотеатрынын жанынан дүкөнгө кирип кеткен мезгилде белгисиз адам унаасын айдай качкан. Ыкчам аракеттин натыйжасында Биринчи Май райондук ИИБинин кызматкерлери уурдалган унааны Мурас-Ордо жаңы конушунан табышкан.
“Унааны кандай максатта уурдай качканы белгисиз. Милиция кызматкерлери иликтеп жатышат. Унаамдагы айрым буюмдар да жоголуптур”,- деп билдирди Айбек.
Жогоруда аталган кылмышка шектүү катары Мирлан аттуу жаран кармалган. Укук коргоо кызматкерлери шектүү адам дагы бир Фольксваген-Пассат унаасынын уурдалышына да тиешеси бар экендигин айтышууда.