Бүгүн, 6-майда КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, эмгек ардагери Өмүтай Эгимбаев менен жолугушуп, материалдык жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Майрам алдындагы жолугушууда Жоомарт Оторбаев ардагерди туулган күнү жана Улуу Жеңиштин 69 жылдыгы менен куттуктап өттү.
Жеңиш көптөгөн баатырлардын курмандыгынан кийин келингенин айтып, алардын каармандыгы эч качан унутулбашы керектигин баса белгиледи. Өмүтай Эгимбаев өкмөт башчыга 69 жыл мурун жеңишке жеткен күндү айтып берди.
Жоомарт Оторбаев Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата өкмөт башчынын резервдик фондунан Өмүтай Эгимбаевге 30 миң сом, Ормонбек Алапаевге 10 миң сом жана Макай Усуповго 10 миң сом бөлүп, материалдык жардам көрсөттү.