Чүй районунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 3-май күнү саат 17:30 чамасында Токмок – Кошой унаа жолунда Фольксваген Гольф унаасы жол кырсыгына кабылган. Анда 1947-жылы туулган айдоочу рулду башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп алган. Анын кесепетинен айдоочу денесинен оор жараат алып, ооруканага жеткирилген. Ал жактан айдоочу ээсине келе албай каза тапты.