Өкмөт: Кыргызстан менен Ирандын ортосунда түз аба каттамын ачуу сунушу айтылды

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ирандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Нажафи Хошруди менен жолугушту. Бул тууралуу 6-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда тараптар Кыргыз-Иран өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына болгон даярдыктардын жүрүшү, Бишкекте Иран товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү жана эки өлкө ортосунда түз аба каттамын ачуу маселелери талкууланды. 

Биринчи вице-премьер-министр эки тараптуу мамиледе айыл чарба, курулуш, өнөр жайды кайра иштетүү жана гидроэнергетика тармагы перспективалуу экенин белгилеп өттү. 

Өз кезегинде элчи Иран мамлекети соода-экономикалык кызматташтыкка терең маани берерин, инвесторлор жогоруда аталган тармактарда иштешүүгө даяр экендигин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан