Бишкекте 5-июнда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Окуу борборунда Кыргызстандын каржы-экономикалык системинин өнүгүшүнө арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Иш-чарага өлкөнүн финансисттери, экономисттери, эксперттер, чет өлкөлүк коноктор, илимий чөйрөнүн, мамлекеттик органдардын, жогорку окуу жайлардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана башкалар катышат.
Каржы министрлигинин 90 жылдык мааракесине карата чыгармачыл жана спорттук иш-чаралар, сынактар өткөрүлөт. Мындан сырткары мекеменин түзүлүү тарыхын чагылдырган даректүү тасма тартылууда, министрлик жана финансисттер жөнүндө тарыхый маалыматтар системге келтирилип, басылмага даярдалууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.