Декларация: Өмүрбек Бабанов “2013-жылкы маянам 1 миллион 100 миң сом” дейт

Мурунку премьер-министр Өмүрбек Бабановдун 2013-жылы негизги иш ордунан тапкан кирешеси 1 миллион 100 миң сом. Жылкы сатуудан түшкөн кирешеси 278 094 сом, банк тармагындагы кирешеси 46 255 сом экенин айтты. Тапшырган декларациясына таянсак, кыймылсыз мүлкү 324 чарчы метр аянтты ээлеген үй. Автоунаасы жок.

Жакындарынын былтыркы кирешелери: 26 миллион 162 288 сом (дивиденд), 1 миллион 978 миң (дивиденд), 4 миллион 070 545 сом (банк тармагындагы кирешеси). Кыймылсыз мүлкү 91,7 чарчы метр жерди ээлеген батир. Автоунаалары: 2012-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр Прадо, Тойота Лэнд Крузэр 200. Бабановдун жакындары “Арлан” компаниясынын 50, “Бизнес Ойл” компаниясынын 50, “Кыр-Кор” компаниясынын 50, “Авто Паритет” ААКсынын 100 пайыздык акциясына ээлик кылышары айтылды. 

Өмүрбек Бабановдун 2012-жылкы кирешеси боюнча тапшырган декларациясы бул жакта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан