Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2013-жылы негизги иш ордунан 719 769 сом киреше тапкан. Муну аталган чиновник тапшырган декларациясында көрсөттү. Автоунаасы 1996-жылы чыгарылган Фольксваген Гольф 3, кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат берген жок.
Жамашеванын жакындары былтыр 1 миллион 172 миң сом киреше тапса, алардын мүлктөрү булар: 180 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 100 чарчы метр жерди ээлеген батир. Алар “Бишкек жылуулук түйүнү” ишканасынын 0,0000936 пайыздык акциясына, “Чыгыш электр” ишканасынын 0,0000963, “Жалал-Абад электр” ишканасынын 0,0000963, “Улуттук электр түйүнү” ишканасынын 0,0000963, “Түндүк электр” ишканасынын 0,0000963, “Электр станциялары” ишканасынын 0,0000963 пайыздык акциясына ээлик кылышат.
Феруза Жамашеванын 2012-жылдык кирешеси боюнча декларациясы бул жакта.