"Супер-Инфо" гезитинин мурунку башкы редактору Бурул Исмаилова "Ош шамы" гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

"Супер-Инфо" гезитинин мурунку башкы редактору Бурул Исмаилова Ош шаардык "Ош шамы" гезитинин башкы редактору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка 30-апрелде Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев кол койду. Бурул Исмаилова эмгек жолун "Супер-Инфо" гезитинде корректорлук кызматты аркалоодон баштап, үзүрлүү эмгеги менен гезиттин башкы редакторлугуна чейин жеткен. 

Бурул Исмаилова

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында туулган.

Жогорку билимдүү, кесиби - филолог-журналист.

Мезгилдин жүгүн аркалаган журналисттик жумушунда кесиптешибизге ийгиликтерди каалайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан