Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2013-жылы 1 миллион 73 124 сом маяна алыптыр. Чиновник муну кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Кыймылсыз мүлкү: 278,8 чарчы метр жерди ээлеген батир, 800 чарчы метрлик жер тилкеси. 2007-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузэр автоунаасына ээ.
Сарпашевдин жакындары былтыр 43 172 сом киреше тапса, 60,7 чарчы метр жерди ээлеген имаратка, 72,7 чарчы метр аянтты ээлеген үйгө ээлик кылышат. Автоунаасы – Мерседес-Бенц S 550.