Мурунку вице-премьер-министр Токон Мамытов 2013-жылы 975 600 сом маяна, 300 миң сом пенсия алган. Мамытов муну кирешеси жана үй-мүлкү тууралуу тапшырган жылдык декларациясында көрсөттү. Кыймылсыз мүлкү: 47 чарчы метр жерди ээлеген батир, 12 чарчы метрлик гараж жана 56 чарчы метр жерди ээлеген батир. 2005-жылы чыгарылган Мазда үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылат.
Мамытовдун жакындары былтыр 410 миң сом киреше тапса, 2003-жылы чыгарылган Лексус үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылышат.
Токон Мамытовдун 2012-жылы тапкан кирешеси бул жакта.