Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча юридикалык жана техникалык маселелерине байланыштуу кеңешме өткөрдү

КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы алдында 6-майда Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүү маселесине байланыштуу Мекемелер аралык комиссиянын жыйыны болду.

Жыйындын жүрүшүндө Жоомарт Оторбаев Орусия Федерациясы менен Казак Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча жол картасы талкууланганын маалымдады. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Бажы биримдигине кирүү процесси коомчулукта кызуу талкууланууда, ал өз кезегинде өкмөттү бардык документтерди кылдат иштеп чыгууга милдеттендирет.

Премьер-министр келерки жумада аталган маселе парламенттик угууга коюлары күтүлүп жатканын, жалпы коомчулуктун Бажы биримдигине кирүү процессин дагы талкуулап, сунуш-пикирлерди киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болорун кошумчалады.

Жолугушуу алкагында КРнын Бажы биримдигине кирүү процесси, ошондой эле жол картасы боюнча юридикалык жана техникалык маселелери кеңири талкууланды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан