Үстүбүздөгү жылдын башында болгон каракчылык фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 21-январь күнү саат түнкү 01:30 чамасында белгисиз адамдар Арча-Бешик конушунда жайгашкан турак үйлөрдүн бирине киришип, К.Гүлнур аттуу жаранды бычак менен коркутушуп, алтын буюмдарын, 3 уюлдук телефонун жана 5000 сомун алып кетишкен. Бул боюнча Ленин райондук милиция кызматкери тарабынан иликтөө иштери жүрүп, аталган кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган 40 жаштагы Алмазбек Осмоналиев жана 30 жаштагы Мирбек Бедералиев кармалды. Далил зат катары алардын жанынан уурдалган 3 уюлдук телефондун экөөсү алынды. Учурда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен кармалган жарандар 2 айга камакка алынды.