Ысык-Көл районунда каракчылык фактысына шектелип мурда соттолгон 28 жаштагы жаран кармалды

Ысык-Көл районунда каракчылык фактысына шектелип мурда соттолгон 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 17-март күнү белгисиз адамдар жабырлануучунун үйүнө киришип, бычак менен коркутуп 300 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада Ысык-Көл районунун мурда сот жообуна тартылган 28 жаштагы С.Дөөлөт аттуу жараны кармалды. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан