9-январда Бишкектин Кызыл-Аскер районунда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең, 9-январда Бишкектин Кызыл-Аскер районунда электр энергия берүү чектелет. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасы маалымдады. Өчүрүү саат 00:00дөн 6:00гө чейин Дэн Сяопин, Абакан, Мурманск, Шуш-Тубе жана Товарный көчөлөрүндө болуп, бул учурда "Кызыл-Аскер" көмөк чордонунда оңдоо иштери болмокчу. Ал эми саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Гроздь жана Жогорку Ат-Башы айылдарында электр энергия берүү токтотула турганын эскертет "Түндүкэлектр".