Ысык-Көл облусунда "дүкөндөгү 135 миң сомдук товарды уурдаган" деп шектелип жашы жете элек эки бала кармалды

Ысык-Көл районунда “Бандит” операциясынын негизинде “29-апрель күнү Ананьево айылындагы дүкөндү тоногон” деп шектелип жашы жете элек эки бала кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Маалыматка караганда, бул факты боюнча “уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган. Анын натыйжасында аталган кылмышка шектелип Ананьево айылынын эки тургуну кармалды. Иликтөөнүн жүрүшүндө жашы жете элек балдар экендиги аныкталды. Алар дүкөндөгү 135 миң сомдук товарды уурдап кетишкен. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан