Баткен. Лейлек районунун Коргон айылында сел жүрүп, 3 турак үйдү каптады

Лейлек районунун Коргон айылында кечээ, 6-майда сел жүрүп, 3 турак үйдү каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Маалыматка караганда, суу каптаган турак үйлөрдө 3-4 жылдан бери эч ким жашабайт. Ошондой эле Коргон – Катран унаа жолу сел таштандыларына толуп, жолду бууп калган. Бүгүн аталган айылга Райондук жарандык коргонуу комиссиясы барып, иликтөө иштерин жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан