36 жаштагы айым "уурулук кылган" деп шектелүүдө

36 жаштагы айым "уурулук кылган" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун Бердалы аттуу тургуну Бишкектеги Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн белгисиз адамдар 15 миң рубль жана 3 миң сомун уурдап кетишкендигин билдирген.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн көрүлгөн аракеттердин натыйжасында Ала-Тоо жаңы конушунун жашоочусу, 36 жаштагы Гулира аттуу айым кармалган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан