Бишкекте курулган жолдор бир жылга жетпей бузулуп жатканы депутаттардын талкуусуна түштү

Курулганына бир жыл боло электе бузулган Бишкектин Түштүк магистралына мэрия жооп берет. Муну парламенттин 7-майдагы жыйынында депутат Жусупали Исаев билдирди. Жыйында депутаттар “Түштүк магистралы бир жылга жетпей бузулуп, жамалууда. Эмне үчүн мындай болду? Ким жоопкерчиликти алат?” дешкен эле.

Исаев: “Мэрия жоопкерчиликти моюнга алып курган. Компанияларды да мэрия тапкан, демек, өзү жооп берет. Компанияны сотко береби же башка чара көрөбү, өзү билет”,- деп жооп берди.

Башка депутаттар борбор шаарда жаңы курулган жолдордун бузулуп жатышы боюнча өкмөттүн күн өткөрүүнү сунушташууда.

Депутат Туратбек Мадылбеков Бишкек – Кара-Балта трассасын жаңы технология менен салууну сунуштады. “Бул жол абдан маанилүү жол. Муну Европада колдонулуп жаткан жаңы технология менен курууну сунуштайм. Биздин азыркы жолдор 3 жылга чыдаса, жаңы ыкмада салынган жол 15 жылга чейин оңдоону талап кылбайт”,- деди депутат транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановго кайрылып.

Айта кетсек, быйыл Бишкек – Ош унаа жолунун Бишкектен Кара-Балта шаарына чейинки бөлүгү оңдолуп, кеңейтилгени жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан