2012-жылы ЖКда "Ар-намыс" фракциясы тарабынан 27 мыйзам кабыл алынды
2012-жылы парламентте “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары тарабынан 73 мыйзам долбоору демилгеленип, алардын ичинен 27 мыйзам кабыл алынды. Мындан сырткары депутаттар 230 мыйзам долбооруна демилгелеш болушуп, алардын 35и кабыл алынды. Бул тууралуу “Ар-намыс” фракциясынын катчылыгы билдирет. Фракция депутаттары тарабынан 10 парламенттик угуу жана 30 коомдук талкуу, 35 маалымат жыйын жана 39 тегерек стол уюштурулган. Жыл ичинде туруктуу негизде жарандарды кабыл алуу жүргүзүлүп, фракция депутаттары 10 513 жаранды кабыл алган. 4013 жаран фракциянын коомдук кабылдамасына кайрылган. Фракция депутаттарынын дарегине жыл ичинде 5414 арыз жана оозеки кайрылуулар келип, алардын 5242си каралганын маалымдады фракция катчылыгы.