Кыргызстанда айымдарды сойкулукка тарткандарды 8 жылга чейин эркинен ажыратууга жол ача турган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору парламенттин 7-майдагы жыйынынан суроо-жооп, талкуусуз өттү.
Мыйзам долбооруна ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи.