Украина аскерлери Славянскта куралдуу операцияларын улантууда

Украинанын аскер күчтөрү 6-майдан 7-майга караган түнү Славянск шаарында шаарды өзүн-өзү коргоо штабынын өкүлдөрүн аткылоону кайрадан баштады. Бул тууралуу Украина бийлигине каршы жергиликтүү топтун башчысы Игорь Стрелков чет элдик маалымат булактарына билдирди.

Стрелков: “Славянск шаарында түн ичинде Украинанын аскер кызматкерлери полчандарга карата ок аткылоосун баштады. Шаар ичинде эки чоң жардыруу болду”,- дейт.   

Андан сырткары жергиликтүү жашоочулар шаарды таштап чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтышат.

Шаар курчоодо турат. Аскерлер шаардын тургундарын эч кайда чыгарбай жатышат. Буга чейин жеке унааларын, үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аракеттенишкен. Бирок ачык эле аткылап баштаганынын жыйынтыгында кеминде эки адам каза болду”,- деп билдирет ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан