Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 7-майда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин Улуттук банкты Зина Асанкожоева жетектеп келип, жакында өз каалоосу менен кызматтан кеткен эле.
Толкунбек Абдыгулов
Туулган жылы - 1976-жыл, 7-июль.
Туулган жери - Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы.
Улуту - кыргыз.
Билген тилдери - кыргыз, орус, англис жана япон.
Буга чейин өкмөттүк аппараттын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүн жетектеп келген.