Бишкекте белгилүү ишкер Дмитрий Цой кармалды. Бул тууралуу күч органдары бүгүн, 7-майда билдиришти.
Маалыматка караганда, ишкер кечээ, 6-майда кармалган. Бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы да тастыктады. Бирок алар азырынча анын эмне себептен кармалганын айтышкан жок. Ошондой эле ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн түшкө жакын бул боюнча маалымат жыйыны өтөрүн кошумчалады.