Ысык-Көл облусунда “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун 14 уюгу бар. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, ушул жылдын алгачкы төрт айында диний экстремизмге байланыштуу 3 факт катталган. Ошондой эле 80 адам диний экстремизмге байланыштуу профилактикалык каттоого алынган. Бул маселе Түп, Жети-Өгүз райондорунда жана Каракол шаарында өзгөчө көйгөйлүү экени айтылууда.