Экономиканы өнүктүрүүнүн жана жакырчылыкты кыскартуунун шарттарынын бири өлкөнү индустриалдаштыруу, шаарларды өнүктүрүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди.
“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык, өлкөдө башталган жана пландаштырылган ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу көптөгөн жумушчу орундарын түзүп, миграциялык агымды азайтууга көмөктөшөт жана жарандардын жашоо-турмушу жакшырат”,- дейт Жээнбеков.
Төрага Кыргызстандагы коомдук-саясий кырдаал, өлкө жетекчилигинин мамлекетти өнүктүрүүгө, башкаруу органдарына реформа жасоого, ири экономикалык жана инсфраструктуралык долбоорлорду жүзөгө ашырууга, ошондой эле эл аралык байланыштарды бекемдөөгө багытталган күч-аракеттери тууралуу баяндамасынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары суроолорго жооп беришти.
Кыргыз парламентчилери менен болгон жолугушууга катышкан кыргыз диаспорасынын негизги бөлүгү Кытай ЖОЖдорунда окуган студенттер болушту. Алар негизинен өлкөнүн өнүгүү келечеги, Кыргызстандын катышуусундагы аймактык интеграциялык процесстер, жаштарга эмгек шарттарын түзүү боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар сындуу маселелерге кызыгышты. Ошону менен катар “Кумтөр” долбоору, Кыргызстандын миграциялык саясаты, ошондой эле транспорттук-коммуникациялык жана энергетикалык долбоорлордун айланасындагы маселелер көңүл сыртында калган жок.
Жолугушууга парламенттик делегациянын мүчөлөрү - депутаттар Заирбек Жоошбеков, Элмира Жумалиева, Абдимуктар Маматов, Бахадыр Сулейманов, Марат Султанов, Тынчтык Шайназаров жана КР Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов, Кыргыз Республикасынын Кытайдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова жана ШКУнун башкы катчысынын орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев катышты. Бул тууралуу 7-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.