Бишкекте "25 жаштагы айымды зордуктаган" деген шек менен эки адам кармалды

Бишкекте "25 жаштагы айымды зордуктаган" деген шек менен эки адам колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.

Милиция кызматкерлерине 25 жаштагы Салтанат аттуу айым кайрылып, Арча-Бешик жаңы конушунан белгисиз эки адам күч колдонуп зордуктаганы тууралуу билдирген. Ленин райондук ИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам аракеттин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Рысбек жана Талант аттуу борбор калаанын жашоочулары кармалган. Учурда иликтөө иштери уланууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан