Карганбек Самаков “тик учак менен Бишкектин үстүнөн учтум, шаар илгерки колхозго окшошуп калыптыр”

Саясатчылар элге жеңилдик бере турган көйгөйлүү иштерди коркпой башташы керек. Муну депутат Карганбек Самаков парламентте 7-майда “Жеткиликтүү турак жай” программасын иштеп чыгуу маселеси каралып жатканда айтты. Депутаттын билдиришинче, аталган программа аркылуу 1,5 жылда 83 миң батир курууга мүмкүн. Айрым депутаттар “Акча жок, жер жок, азырынча программа жок. Бул маселени бекер эле карап жатабыз” деп каршы чыгышты.

Карганбек Самаков буга макул эмес.

“Акчаны тапса болот. Жерди да табууга мүмкүн. Жакында жаңы конуштардын биринде шайлоочулар менен жолугуштум. Жерди 4 сотыхтан бөлүп алышып, эптеп ылайдан үйлөрдү салып алышыптыр. Аларга айттым, 4-5 үйдүн жерин алып, ордуна көп кабаттуу үй курсак болот. Бишкектин үстүнөн тик учак менен учтум, шаар илгерки колхоздой болуп калыптыр. Жапырайган эле боз тамдар. Капталына эмес, бийигине өсөлү да. Өтө көйгөйлүү иштерге саясатчылар коркпой киришүүсү керек”,- деди Самаков. 

Айта кетсек, аталган программа аркылуу жеңилдетилген жол (салыктык жана башка жеңилдиктер) менен көп кабаттуу үйлөр курулуп, ал үйлөрдөгү ипотекалык негизде батир сатып алуунун наркы салыштырмалуу арзан болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан