“Быйыл кышында электр энергиясын экспортко чыгара албайбыз”,- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Муну премьер бүгүн, 7-майда журналисттер менен жолугушууда билдирди.
Айтымында, 2014-жылдын кыш айларында Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстанга электр энергиясын берүү токтотулат.
“Мен Казакстанга болгон иш сапардын алкагында Тажикстандын вице-премьер-министри менен жолугуштум. Анда эки тараптын чек ара маселелерин талкууладык. Андан сырткары биз Тажикстан тарапка быйыл жыл аягынан тартып электр энергиясын бербейбиз деп сүйлөштүк. Анткени бул жылы электр энергиясы өзүбүздү камсыздаганга жетпей жатат. Мүмкүн, электр энергияны импорт кылабыз”,- деди Оторбаев.