Илияс Иманбетов Ош шаардык салык кызматынын башчысы болуп дайындалды. Муну бүгүн, 7-майда Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Ош шаардык салык кызматынын мурунку башчысы Жолборсбек Бакиров мекеменин борбордук аппаратына которулганы айтылды.
Иманбетов бул тармакта 1998-жылдан бери иштейт.