Орусияга мыйзамсыз ташылып бара жаткан баңгизаты алынды
2013-жылдын 3-январында КРнын УКМК кызматкерлери Тажикстандын УКМК кызматкерлери менен биргеликте Тажикстандан чыгарылып, Кыргызстан аркылуу Орусияга алынып бара жаткан баңгизатын колго түшүрүштү. Бул тууралуу КРнын УКМК кызматы билдирди. Атайын уюштурулган иш-чара учурунда шектүү унаа токтотулуп, 55 баштыктан жалпы салмагы 28 килограмм болгон баңгизаты табылган. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.