Депутаттар “Жеткиликтүү турак жай” долбооруна каршы чыгышууда

Парламентте бүгүн, 7-майда депутаттар “Жеткиликтүү турак жай” программасына каршы чыгышууда. Анарбек Калматов бул программанын иштеп кетишине ишенбей турганын айтат. “Мамлекет кепилдик бере албаса, анда бул программа кантип иштейт? Мамлекет жер бөлүп бере албайт. Инвестор өзү келип жер сатып алууга туура келет, анда бул программанын эмне кереги бар?”- дейт депутат.

Депутат Карганбек Самаков буга макул эмес.

“Ошон үчүн программа иштеп чыкканы жатат да. Конституциянын 46-беренесинде жазылуу. Жарандарды турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү. Өкмөт аткарсын. “Көз - коркок, кол - баатыр” дейт. Коркпой баштай беришибиз керек”,- деди депутат. 

Айта кетсек, аталган программа аркылуу жеңилдетилген жол (салыктык жана башка жеңилдиктер) менен көп кабаттуу үйлөр курулуп, ал үйлөрдөгү ипотекалык негизде батир сатып алуунун наркы салыштырмалуу арзан болмокчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан