“Кыргызстан Бажы биримдигине тез арада кириши керек”,- деп билдирди Жоомарт Оторбаев бүгүн, 7-майда журналисттер менен жолугушууда.
Анын айтымында, жеке ишкерлер аталган биримдикке кирүүнү тездетүүнү талап кылышууда.
“Бажы биримдиги - бул саясий эмес, экономикалык биримдик. Бул биримдикке мүмкүн болушунча тезирээк киргенге аракет кылышыбыз керек. Азыр “Дордой”, “Кара-Суу” базарында иштеген ишкерлер да эртелетикиле деп шаштырып жатышат. Бирок айрымдар каршы болушууда. Кандай болгон күндө да биз демократиялуу өлкөдө жашап жатабыз, элдин үнүн угуш керек. Мен аталган биримдикке тезирээк кирүү керек деп эсептейм”,- деди Оторбаев.