Ыргал Кадыралиева ипотекалык негизде берилген батирлердин баасына нааразы

Парламентте бүгүн, 7-майда “Жеткиликтүү турак жай” программасын иштеп чыгуу маселеси каралууда. Депутаттар аталган программанын негизинде курулган үйлөрдүн баалары көзөмөлсүз калышы мүмкүн экенин айтышууда. Алардын бири Ыргал Кадыралиева: “Бүгүнкү күндө көптөгөн компаниялар ипотекалык негизде батирлерди берүүдө. Алардын бааларын ким көзөмөлдөп жатат? 1 чарчы метрин 750 доллардан сатышууда. 20 миң сомго чейин айлык алган жаштар акчасын ичпей-жебей топтосо да ал үйлөрдү ала алышпайт”,- деди.

Депутат Данияр Тербишалиев бул долбоорго мамлекет кепилдик бере албаса, программа коррупциялашып кетерин айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан