6-майда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы борбордук базардагы кичи базарлардын ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, шаар башчысы соодагерлерге жана алармандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү боюнча базар жетекчилерине тапшырма берди. Айтылган талаптар аткарылбаса, базар жетекчилерине мыйзамдуу чаралар көрүлөрү айтылды.