Кыргызстанда 2 жогорку мамлекеттик органдын статс-катчылыгына талапкерлерди каттоо уланууда. Алар: Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Жогорку Соттун алдындагы Соттук департаменттин статс-катчылыгы. Мамлекеттик кадр кызматынын билдиришинче, талапкерлердин документин кабыл алуу 2014-жылдын 8-майына чейин уланат. Катышууну каалагандар 61-34-47 телефону аркылуу кененирээк маалымат алышса болот.