Казакстан - Кыргызстан үчүн керектүү стратегиялык өнөктөш. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев журналисттер менен жолугушууда билдирди. Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен жолугушууда сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жемиштүү болгонун белгиледи Оторбаев.
“Орусияга жасаган иш сапарымдан кийин 3-4-майда Казакстанга иш сапар менен бардым. Анын алкагында казакстандык кесиптешим жылуу кабыл алып, кыргыз-казак чек ара маселеси жана Бажы биримдиги тууралуу сүйлөшүү жүргүздүк”,- деди өкмөт башчы.
Премьер: "Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен сүйлөшкөндө 450 миллион доллар грант алганга мүмкүн экендигин айтышты. Буюрса, биз ал кредитти алабыз. Анын жарымы кредит катары, жарымы бекер берилет”,- деп кошумчалады.