Баткен. Сох анклавында жашаган өзбек жарандарына Кыргызстандын жеринен агып өтүүчү агын суусун берүү токтотулат

Баткен облусундагы Сох анклавында жашаган өзбек жарандарына Кыргызстандын жеринен агып өтүүчү агын суусун берүү токтотулат. Бул тууралуу Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саиджан Эратов билдирди. Буга чейин ал сууну бир аптанын 5 күнүндө өзбек жарандары, калган 2 күнүндө кыргыздар колдонуп келишкен. Суу Кыргызстандын аймагынан чыгат. Мындан сырткары буга чейин аталган анклавдын Хушяр айылынын тургундары кыргыз айылдарынын жайыттарына өздөрүнүн мал-жандыктарын жайып жүрүшсө, эми ага да тыюу салынганын билдирет Эратов. Эске салсак, өзбек жарандары 6-декабрь күнү Чарбак айылындагы чек ара постуна электр жарыгын киргизүү үчүн тургузулган электр мамыларын, андан сырткары буга чейин колдонулуп келинген 14 электр мамысын жыгып, жарактан чыгарышкан. Ушунун кесепетинен учурда Чарбак айылы жана Хушяр айылынын айрым участкалары электр жарыгысыз отурушат. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан