Төрага Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү менен кыргыз-кытай мамилелерин талкуулады

Асылбек Жээнбеков Кытайдагы расмий иш сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү Ян Цзечи менен жолугушту. Бул тууралуу 7-майда ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. 

«Сиздин иш сапар биздин өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык мамилелердин маанисин арттырат. Кыргызстан менен Кытай жакшы коңшулар, акыркы жылдары мамлекеттер аралык мамилелерде жогорку өсүү деңгээли байкалууда. Биз муну жогору баалайбыз. Биздин мамлекет башчыларыбыз эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу чечим кабыл алышкан. Бул Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын жаңы баскычы болуп калды»,- деди өлкөнүн бардык тышкы саясатын жөндөй турган Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Ян Цзечи.

Кытай инвесторлорунун кыргыз рыногуна кызыгуусу жанданып баратканын белгилөө менен ал Кыргызстандын парламенти өз деңгээлинде мыйзамдык жактан чет өлкөлүк бизнес үчүн жагымдуу жагдай түзүү жаатындагы аракетин уланта берүүсүн өтүндү.

«Өткөн жылы сиздердин мамлекет башчынын иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган документ Жогорку Кеңеш тарабынан колдоого ээ болду жана ратификацияланды. Ал документтердин айрымдары ишке ашырылуу алдында турат»,- деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин төрагасы өз маектешинин көңүлүн ушул жылдын май айында Кытай тарап менен биргелешип баштаган Түндүк-түштүк автожолу, ошондой эле ушул жылы курулушу баштала турган «Кытай – Борбордук Азия» газ өткөргүчү (4-учук) долбоорлорунун стратегиялык мааниси менен арымына бурду.

Жолугушууда маданий-гуманитардык чөйрөдөгү, биргелешкен күч-аракеттер менен аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелериндеги кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышты. Экономикалык кызматташуунун олуттуу өсүшү үчүн эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды жолго коюу зарылдыгы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан