Кыргызстанда Бишкек – Кара-Балта жана Жалал-Абад – Маданият унаа жолдору оңдолгону жатат. Бишкек – Кара-Балта трассасы үчүн 100 миллион доллар насыя алынууда. Тийиштүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору парламентте 7-майда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султановдун айтымында, трасса 1-категорияда болот. “Жолдун 9 чакырымы 6 тилкелүү, 41 чакырымы 4 тилкелүү болот. Мындан сырткары жээгинде 3-4 метр кеңдиктеги тротуар курулат”,- деди министр.
Ал эми Жалал-Абад – Маданият унаа жолу 3-категорияда курулат.